super.kg logo
  Саясат  

Жээнбек Кулубаев Оман Султанатынын тышкы иштер министри менен жолукту

 

Бүгүн, 15-апрелде Ташкентте “Борбор Азия – Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” Стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султанатынын тышкы иштер министри Саид Альбусаиди менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалымдалгандай, тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жогорку дараметин, ошондой эле жакынкы убакта бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

"Министр Жээнбек Кулубаев кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы укуктук-келишим базаны кеңейтүү боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады. Ошондой эле Кыргызстан менен Омандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүү максатында Кыргыз-Оман Ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Оман тарапты үстүбүздөгү жылдын июль айында Ысык-Көлдө пландаштырылган Борбор Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңеши өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумуна катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: