super.kg logo

Сиднейде көзүнө көрүнгөн адамдарды бычактаган жаран ким экени белгилүү болду

 

Австралиянын полициясы Сиднейдеги соода борборуна келгендерге бычак менен кол салган адамдын өздүгүн аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал Австралиянын Квинсленд штатынын тургуну, 40 жаштагы Жоэл Каучи болуп чыкты. Укук коргоо органдары анын психикалык жактан жабыркаганын жана эч кандай идеологияны колдобой тургандыгын билдирген. Мындан улам террордук акт жокко чыгарылды.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, орус тилдүү адам кол салган адамды токтотууга аракет кылган, андан кийин бычак көтөргөн адамды полиция атып салган.

Бул куралдуу кол салуунун натыйжасында алты адам набыт болуп, дагы сегизи жарадар болгон. Жабыркагандардын арасында апасы каза болгон 9 айлык бала да бар. Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе кол салууну “үрөй учурган зомбулук актысы” деп атады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: