Бишкектиктерге таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктар таратылууда




Бишкек шаарында таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, ар бир мүшөктө “Таштандыларды саат 19:00дөн 24:00гө чейин чыгаруу сунушталат” деп жазылган.
Белгилей кетсек, бул чаралар жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан жол тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгындарын азайтууга гана жардам бербестен, чыгымдарды да азайтат.
Эскерте кетсек, жол тыгындарын азайтуу жана катуу таштандыларды чогултуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жарандарга таштандыларды саат 19:00дөн кийин чогултуу сунушталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.