Акжол Махмудов Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Финалда Кусака менен кайра күрөшөт
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Азия чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов жарым финалда ирандык Амир Али Абди аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Муну менен кыргыз балбаны Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Финалда Акжол Махмудов япониялык Нао Кусака аттуу балбан менен кез келет.
Нао Кусака менен Акжол Махмудов былтыр сентябрда Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келген. Анда Акжол Махмудов япониялык балбанды 7:5 эсебинде жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.