super.kg logo

Айдоочуларга эскертүү! Өлкөдө кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

 

16-апрелден 18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ӨКМден билдиришти.

Алар:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;

- 222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;

- Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Мындан тышкары ӨКМ алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алып алууну эскертти.

Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: