Бишкек мэриясы Ататүрк паркынын айланасындагы окуялар боюнча үн катты
Бишкек мэриясы бүгүн, 15-апрелде, Ататүрк атындагы парктын абалы боюнча билдирүү таратты.
Маалыматта мэр Айбек Жунушалиев аянты 107 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгону белгиленген.
"Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Социалдык тармактарда Ататүрк сейил багынын аймагындагы объектилер сүрдүрүлбөйт деген маалымат тарап жатат.
Парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлк объектилерин тазалоо маселесинде муниципалитет мыйзам чегинде алып барат", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.