Акжол Махмудов финалда япониялык балбанга жеңилип калды
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш байге утту.
Финалда Акжол Махмудов японтялык Нао Кусака аттуу балбан менен кез келип, 4:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Муну менен кыргыз балбаны Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси болду.
Нао Кусака менен Акжол Махмудов былтыр сентябрда Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келген. Анда Акжол Махмудов япониялык балбанды 7:5 эсебинде жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.