super.kg logo
  Саясат  

"Киберкоопсуздук жөнүндө" мыйзам долбоору комитетте жактырылды

 

Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев белгилегендей, мыйзам долбоору бирдиктүү киберкоопсуздук системасынын укуктук негиздерин бекитүү максатында иштелип чыкты, анын максаты – өлкөнүн маалымат инфратүзүмүнүн санарип туруктуулугун камсыздоо аркылуу инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү маалымат тутумдарынын киберкоопсуздугун камсыздоо, киберкоркунучтарга жооп берүү системасын түзүү жана киберкылмыштуулук менен күрөшүү зарылдыгына көңүл буруп, мыйзам долбоорун колдошту.

Депутат Элдар Абакиров жарандардын банк карталары менен операцияларды жүргүзгөн алдамчылардын мыйзамсыз аракеттерине ыкчам чара көрүү маселесин көтөрдү. Муну менен катар эл өкүлү төлөм системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо боюнча аракеттерди күчөтүүнү сунуштады.

Ал эми депутат Бахридин Шабазов жарандардын жеке маалыматтары камтылган Түндүк тиркемесинин коопсуздугуна кызыкты. Буга баяндамачы аталган тиркеме маалымат базасынын кармоочусу эмес, мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматтарды көрсөтүүчү интерфейстин ролун аткара тургандыгын маалымдады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: