"Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргызстандагы ишин токтотуп жатканын жарыялады

Билдирүүдө мындай чечим кабыл алууга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгону айтылат. Фонддун чет өлкөдөн каржыланганы аны "жаңы мыйзамдык чектөөлөргө" дуушар кылары белгиленген.
"Тилекке каршы, жаңы мыйзам боюнча эми өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жасалып жаткан аракеттер "чет элдик өкүлдүн" иши деп атала баштайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Уюм 115 миллион долларга өкмөт жана жарандык коом менен иштей турган долбоорлорду каржылаганы кошумчаланган.
Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген “Сорос - Кыргызстан” ("Ачык коом") фонду өлкөдө 1993-жылы түптөлгөн.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна 2-апрелде кол койгон.
Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 14-марттагы жыйынында үчүнчү окууда карап, талкуусуз кабыл алган. Долбоорго 66 депутат "макул", беш эл өкүлү "каршы" добуш берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.