Бишкек мэри орун басарынын кармалышына байланыштуу комментарий берди

Ал Сазыкулов аким болуп турган кезиндеги аракеттери боюнча шектелип жатканын билдирди.
"Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалаган адам ар кандай чечимдерге даяр болушу керек. Максатбек Сазыкулов менин транспорт жана коммуникация боюнча жооптуу орун басарым болчу. Укук коргоо органдарынын ага райондун акими болуп турган кезиндеги ишмердүүлүгү боюнча суроолору бар экен. Бул нерсе мен мэрликке келгенге чейин болгон. Сот баарын аныктап, карап, туура чечим чыгарат деп ишенип турабыз" - деди Жунушалиев.
Эске салсак, УКМК кечээ күнү Максатбек Сазыкулов кармалганын билдирген. Ал мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелүүдө.
Сазыкулов буга чейин мэрияда ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2021-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек мэринин экономикалык маселелер боюнча орун басары болгон. Андан кийин Биринчи Май районунун акими болуп иштеген. 2023-жылы октябрь айында кайра вице-мэр кызматына дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.