Жоламан Шаршенбеков баштаган эки кыргыз балбаны финалга чыкты
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков менен Раззак Бейшекеев финалга чыгышты.
60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков жарым финалда ирандык балбан менен кез келди. Анда кыргыз балбаны атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 11:0 эсебинде мөөнтүнөн мурда жеңип алды.
67 килгорамм салмакта Азия чемпиондугуна катышкан Раззак Бейшекеев жарым финалда түштүк кореялык балбан менен кез келип, оор беттештин аркасында 2:1 эсебине жеңишке жетип финалга жолдомо алды.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.