super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор парламентте отчёт берүүдө

 

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун 2023-жылы өлкөдө мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёту угулду.

Жыйында баяндама жасаган башкы прокурор Курманкул Зулушев белгилегендей, 2023-жылы Башкы прокуратура мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында 7 922 текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 16 миң 160 мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Муну менен катар мыйзам бузууларды жоюу боюнча 9 370 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, 5 242 кызмат адамдары дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Прокуратура органдарынын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы менен прокурордук чара көрүү актылары боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндө акчалай түрдө 738 миллион сомдон ашык, ал эми накталай түрдө 11 миллиард сомдон ашык сумма өндүрүлгөн.

Зулушев Башкы прокуратуранын жана прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзам бузууларды жоюу, жашы жете электердин жана аялдардын укуктарын калыбына келтирүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытында жүргүзүп жаткан иштерине да токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: