super.kg logo
  Саясат  

"Баарыбыз көрдүк". Акаев парламентте добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразычылыгын билдирди (видео)

 

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында экс-депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу анын ордуна Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясына Жогорку Кеңештен жаңы мүчө шайланды.

Анда "Альянс" фракциясы депутат Айсулуу Мамашованын, "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясы Чынберди Төлөновдун талапкерлигин көрсөттү.

Жабык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамашова 44, Төлөнов 46 добуш алды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев нааразычылыгын билдирди.

"ТүркПА уюмунда бир гана айымыбыз бар экен. Эки аял болсо деп Мамашованы сунуштадык эле. Бирок залда эмне болуп жатканын баарыбыз көрдүк. Ушул өңдүү өтө принципиалдуу маселелерде анча-мынча азчылык фракцияларга деле берип койсоңор туура болмок. Мейли эми, кийинкилерде дагы көрөбүз", - деди Акаев.

Ага төрага Нурланбек Шакиев бул аргументти добуш берүүгө чейин айтканда, балким, башкача болмок экендигин айтты.

Белгилей кетсек, ТүркПАдагы Жогорку Кеңештин делегациясынын курамына төмөнкүлөр кирет:

Делегациянын төрагасы – Нурланбек Шакиев.

Чолпон Султанбекова ("Ишеним")
Улан Бакасов ("Мекенчил")
Дастан Жумабеков (Манас району)
Русланбек Жакышов ("Ишеним")
Тазабек Икрамов ("Элдик")
Нуржигит Кадырбеков ("Ыйман нуру")
Улан Примов (Алай району)
Чынберди Төлөнов ("Ата Журт-Кыргызстан").


Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы 2008-жылы түзүлгөн. ТүркПАнын толук кандуу мүчөлөрү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия.






Жогорку Кеңеш 17.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: