super.kg logo
  Саясат  

"6-чакырылышта 82 депутат мандатын тапшырган". Шакиев Айдарбеков менен Атазовго жооп берди

 

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында 82 депутат мандатын тапшырган. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев бүгүн, 17-апрелдеги парламент жыйынында билдирди.

"Мындан бир ай мурун бир коллегабыз "башкы прокурор парламентти тоготпой, өзүнчө маалымат жыйын өткөрүп жатат" деп айтты эле. Ал маалымат жыйын. Баш мыйзамга ылайык башкы прокурор жылына бир жолу парламентке келип отчёт берет. Экинчиси, "13 депутат мандатын тапшырды, мындай болгон эмес" деди эле. Мен так айтып коёюн, 6-чакырылышта ар кандай себептер менен 82 депутат, 5-чакырылышта 33 депутат мандатын тапшырыптыр. Муну маалымат иретинде айтып коёюн", - деди Шакиев.

Парламентте башкы прокурор Курманкул Зулушев 2023-жылы прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёт берүүдө.

Эске салсак, 13-мартта Жогорку Кеңеште депутат Шайлообек Атазов башкы прокурор Курманкул Зулушевди сынга алып, депутаттарды тоготпой калганын айткан.

"Башкы прокурор мыйзам боюнча жылына бир жолу парламентке келип отчёт бериши керек. Өзү прокуратурага журналисттерди чакырып эле отчёт берип коюуда. Депутаттарды тоготкон да жок. Кыргыз эли Садыр Жапаровду шайлаган. Канча президент бар өзү? Жапаров президентпи же Зулушевби?", - деген эл өкүлү.

Ошол эле күнү дагы бир депутат Чыңгыз Айдарбеков кесиптештери мандатынан кол жууп жатканына тынчсыздануусун билдирип, мындай кырдаалга төрага Нурланбек Шакиевдин реакция жасашын талап кылган.

"90 депутаттан 13 депутат кетти. Биз муну дайыма "мыйзамдуу эмес" деп айтып жатабыз. Бул эмне дегендик? Биздин укуктарыбызды тебелеп-тепсеп жатышат. Мындай болбош керек", - деген Айдарбеков.

Ошондой эле ал бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.






Жогорку Кеңеш 17.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: