super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызда кыздын аты улук". Тазабек Икрамов ордун Айсулуу Мамашовага бошотуп берерин айтты

 

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясындагы мүчөлүк ордун кесиптеши Айсулуу Мамашовага бошотуп берерин билдирди.

"Кыргызда кыздын аты улук дейт. Бүгүнкү күндө аялзатына болгон зордук-зомбулуктар күчөп жатканда биз парламентте өзүбүздү үлгү катары көрсөтсөк. Мен "Элдик" депутаттык тобунун квотасын Айсулуу Мамашовага берүүгө макулдугумду берем. Мындан кийин да талашып алып албай, аны ТүркПАга мүчө кылып кошуп бергиле", - деди Икрамов.

Белгилей кетсек, экс-депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу бүгүн анын ордуна Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясына Жогорку Кеңештин делегациясынын курамына жаңы мүчө шайланды.

Анда "Альянс" фракциясы депутат Айсулуу Мамашованын, "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясы Чынберди Төлөновдун талапкерлигин көрсөткөн. Жабык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамашова 44 добуш алса, Төлөнов 46 добуш алып, өтүп кеткен.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев нааразычылыгын билдирген.

"ТүркПА уюмунда бир гана айымыбыз бар экен. Эки аял болсо деп Мамашованы сунуштадык эле. Бирок залда эмне болуп жатканын баарыбыз көрдүк. Ушул өңдүү өтө принципиалдуу маселелерде анча-мынча азчылык фракцияларга деле берип койсоңор туура болмок. Мейли эми, кийинкилерде дагы көрөбүз", - деген Акаев.






Жогорку Кеңеш 17.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: