super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Вашингтондо бир катар каржы институттарынын жетекчилиги менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо бир катар каржы институттарынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушуп, Азия өнүктүрүү банкы бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ойноорун белгиледи.

"Биздин өкмөт мамлекеттик каржынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жеке секторду өнүктүрүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча реформаларды ишке ашырууга багытталган. АӨБ менен үзгүлтүксүз, конструктивдүү диалог жана техникалык кызматташуу биздин стратегиялык максаттарыбызга жетүүгө көмөктөшөт деп ишенебиз", - деди ал.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланып, "Камбар-Ата ГЭС-1дин" курулушу, ирригация тармагындагы долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы долбоорлор сыяктуу Кыргызстандын ири инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Андан кийин Жапаров менен Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын президенти Цзинь Лицюнь менен жолугушуу болду.

Жапаров жүргүзүлүп жаткан реформалар, салык жана бажы жол-жоболорун башкаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын, экономикалык жөнгө салуунун натыйжалуу чараларын колдонуунун, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңири спектрин жайылтуунун аркасында жетишилген өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Акылбек Жапаров ошондой эле Европа инвестициялык банкынын башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын алдыңкы эл аралык каржы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Тараптар республика үчүн артыкчылыктуу тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: