super.kg logo

“Акылман” президенттик лицейине каттоо качан башталары айтылды

 

“Акылман” президенттик лицейине 2024-2025-окуу жылына карата балдарды каттоо 20-апрелде башталат. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Сынак 6-класстын окуучуларынын арасында болот, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, атасы же энеси жок, томолой жетим балдарга артыкчылык берилет.

Тандоо лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөзүлөт:

2024-жылдын 20-апрелинен 30-апрелине чейин каттоо жүрөт.

  • I этап: 2024-жылдын 4-5-6-майында алдын ала онлайн тестирлөө;
  • II этап: 2024-жылдын 10-майында 1-этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2 миң талапкер үчүн онлайн тестирлөө;
  • III этап: 2024-жылдын 14-майынан 20-майына чейин 2-этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 талапкер үчүн оффлайн тестирлөө.

Белгилей кетсек, “Акылман” лицейин каржылоо толугу менен өлкө башчынын фондунун эсебинен жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: