super.kg logo
  Саясат  

271 чет элдик ишкер салык төлөбөгөндүгү үчүн Кыргызстандан чыгарылат

 
Мамлекеттик салык кызматы ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөбөгөн 271 чет элдин жаранын аныктады. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди. 
 Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата 889 чет элдик жаран ишердик жүргүзүү үчүн уруксат кагазын алышкан. 
Салык кызматы чет элдик ишкерлерден салык түшүүнү камсыздоо боюнча базарларда соода кылуу үчүн ыктыярдуу патент алгандарды текшерген. "Ишкердик кылуусуна тыюу салуу жана аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча аталган жарандардын тизмеси Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Ички иштер министрлигине берилген",- деп билдирди Салык кызматы бул тууралуу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: