super.kg logo

«Халык Банк Кыргызстан» эл аралык Visor инвестициялык тобуна кошулду

 

Эми «Халык банк Кыргызстан» ААК эл аралык Visor International DMCC инвестициялык тобунун бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген бүтүм 2024-жылдын 18-апрелинде аяктады.

Банктын жаңы ээсинин башкаруусунда, ыңгайлуу, технологиялуу жана коопсуз өнүмдөрдү сунуштоо менен, Банк жеке жактар үчүн да, бизнес үчүн да инновациялык финансылык чечимдерди көрсөтөт.

Күчтүү жана прогрессивдүү келечек

«Халык банк Кыргызстан» 20 жыл бою Кыргыз Республикасында бекем жана туруктуу иш жүргүзүп келет. Эл аралык Visor инвестициялык тобуна кошулуу Банк үчүн өнүгүүнүн жана санариптик трансформациянын жаңы этабы болот.

Банктын акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктери:

• 2024-жылдын март айында Global Finance журналынын версиясы боюнча Кыргызстандагы эң мыкты банк болуп табылган

• 2023-жылы бизнес үчүн интернет-банкинг SME Banking Agency агенттигинин версиясы боюнча алдыңкы үч мыктылардын катарына кирген, ал эми Halyk мобилдик тиркемеси 2022-жылы Global Banking and Finance Review журналынын версиясы боюнча Кыргызстандагы эң инновациялык тиркеме болуп табылган.

• Банк эң биринчи болуп экология, социалдык жоопкерчилик жана башкаруу (ESG) тармагындагы прогрессивдүү практикалар менен Туруктуу өнүгүү саясатын киргизген.

Visor International DMCC жөнүндө

Visor International DMCC Борбор Азиянын аймагында да, андан сырткары да ар түрдүү секторлорго инвестиция кылат, алардын ичинде телекоммуникацияларга, финтехке, жаңыланма энергияга жана соодага да. Башка инвестициялардын катарында Visor Кыргызстандагы эң ири байланыш оператору болгон — О! мобилдик операторунун жана «О!Деньги» маанилүү төлөм тутумунун ээси болуп саналат.

Көп жылдан бери долбоорлорду ишке ийгиликтүү ашырып келаткан тарыхы Банктын туруктуу жана инновациялык келечегин убадалайт. Банк өз кардарлары үчүн инновациялык технологиялуу сервистерди киргизүү менен бирге салттуу банктык кызматтарды сунуштоону улантат.

КРУБдун 22.06.2017-ж. №044 лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: