super.kg logo
  Саясат  

"Google" компаниясы менен Кыргызстандын билим берүү тармагы кызматташат

 

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров учурда Вашингтондо жумуш сапары менен жүрөт. Анын алкагында кыргыз өкмөтү менен Google билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Google компаниясынын өкүлү Марк Исаков менен жолугушууда "Алтын Казык" мектептик билим берүү системасын трансформациялоо программасы тааныштырылган.

"Биз аймактагы "Google Education" менен кызматташкан биринчи өлкө болгонубуз менен сыймыктанабыз жана мугалимдерибизге, мектеп окуучуларына билимдерди өздөштүрүүгө жардам бере турган эң алдыңкы иштеп чыгууларды Кыргызстандын бардык мектептеринде колдонобуз. Билим берүү тармагында "Google" менен кызматташуубуз биринчи кадам гана болушу керек. Биздин командалар булуттук ресурстарды өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жасалма интеллект программаларын иштеп чыгуу жаатында иш алып барууда", - деген Жапаров.

Өз кезегинде Марк Исаков мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирген.

"Сиздин өлкөңүздүн билим берүү тармагындагы келечекке болгон көз карашыңыз биздин көз карашыбызга дал келгенине жана бул көз карашты ишке ашырууда Кыргыз өкмөтү менен өнөктөш болгонубузга кубанычтабыз", - деп айткан Марк Исаков.

"Google" мектептик билим берүү системасын трансформациялоо үчүн "Алтын Казык" программасын колдоого алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: