super.kg logo

"Манас" театрынын жаңы имаратын ачуу аземинен ирмемдер (сүрөт)

 

Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана өнөр адамдары катышты.

Салтанаттуу азем манас айтуу менен башталып, төкмө акындардын санаттары менен уланды.

Өлкө башчысы ата-бабалардан калган мурастарга аяр мамиле кылуу, улуу муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жана тарыхый каада-салттарды жайылтуу, маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын негизги милдеттеринен болуп саналарын белгилеп, жаңы имараттын ачылышын жасады.

"Манас" театрынын өнөрпоздору атайын келген коноктор үчүн даярдалган концерттик программасын тартуулашты. Андан соң чакырылгандарга жаңы имараттын ичи менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Маалымат үчүн: Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзөт. Имаратта театрдын чыгармачыл жамаатынын ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар бар: кенен кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана 300 орундуу концерттик зал. "Манас" театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына карайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: