super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барды. Президентти аэропорттон Токаев өзү тосуп алды (сүрөт)

 
Бүгүн, 18-апрелде мамлекет башчы Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровду Астананын эл аралык аэропортунан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.
"Астана шаарынын флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекет башчынын Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен эки жактуу сүйлөшүүлөрү жүрөт. Мындан тышкары Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана "Манас" кыргыз эпосунун каарманынын айкелинин ачылыш салтанатына катышат.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар жана илимпоздор форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: