Бишкекте самбо боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат

Белгилүү болгондой, мелдеш кечээ, 18-апрелде башталып, республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашууда:
Спорттук самбо (балдар): 46, 49, 53, 58, 64, 71, 79, 88, +88 килограмм;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 килограмм;
Спорттук самбо (кыздар): 41, 44, 47, 50, 54, 59, 65, 72, +72 килограмм.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 20-апрель күнү жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.