super.kg logo
  Саясат  

ЕИБ "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун изилдөө үчүн банктын негизги өкүлдөрүн аныктады

 

Вашингтондо өткөрүлгөн Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жолугушууларынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолукту.

Өкмөттүн басма өз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын алдыңкы эл аралык каржы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде Маркус Берндт Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы сыяктуу абройлуу каржы институттары "Камбар-Ата-1" ГЭСинин куруу долбоорун каржылоого даяр экендиктерин, жогору бааларын белгиледи. Алар "бул долбоор бүгүнкү күндө абдан келечектүү жана актуалдуу экенин көрсөтүп турат" деп кошумчалады.

Буга байланыштуу банктын жашыл энергетиканы ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган саясатын эске алуу менен Маркус Берндт бул долбоорду каржылоого жогорку кызыгуусун билдирди.

Мындан тышкары бул долбоорду иштеп чыгууну тездетүү максатында Маркус Берндт долбоорду жана аны каржылоо маселелерин изилдөөгө кирише турган банктын негизги өкүлдөрүн аныктады.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын өкүлдөрүнө бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болушканына жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: