super.kg logo

"Elite House" үйлөрүндө жашоонун ырахаты

 

Жеке үй сатып алуубул жоопкерчиликтүү жана маанилүү кадам, анткени сөз өз үйүм деп атай турган жер жөнүндө болуп жатат. Elite House турак жай комплекстеринен мүлктөрдү тандап, кыялыңызды ишке ашырыңыз!

"Elite House" курулуш компаниясы уникалдуу турак жай комплекстеринен турат, алар сапаттын эң жогорку стандарттарына гана жооп бербестен, жашоочуларына ыңгайлуулук, кубаныч жана эстетикалык ырахат тартуулайт. Курулуш жигердүү ыргак менен жүрүүдө жана жакында төрт жаңы объект шаардын түштүк бөлүгүн кооздукка бөлөйт. Экологиялык таза аймактагы батирдин бактылуу ээси болгуңуз келеби? Анда "Elite House" компаниясынын сунуштары менен жакындан таанышыңыз:

  • «NEW YORK»

Бул кооз комплекс адаттан тыш фасаддары жана стилдүү кире бериши менен 2,3 гектар аянтты ээлейт. Бул аянттын дээрлик үчтөн бири ар кандай эс алуу жана активдүү көңүл ачуу жайы үчүн бөлүнгөн. Эс алууга ыңгайлуу чатырчалардан баштап заманбап workout-зонасына жана балдардын оюн аянтчасына чейин сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн бардыгы бар.

  • «NEW CITY»

Эгер сиз тоолордун көркөмдүгү көрүнгөн батирди кыялдансаңыз, "NEW CITY" турак жай комплексине көңүл буруңуз. Терезенин сыртындагы кооз жаратылыштан тышкары, сизди кылдаттык менен ийне-жибине чейин пландалган хай-тек стилиндеги фасад менен өзүңүздүн гүлзарыңыз күтүүдө.

  • «Art City»

Бул турак жай комплексинде ар бир деталь сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн ойлонулган. «Art City» жашоочулары өз гүлбакчасында сейилдеп, smart-макеттин артыкчылыктарынан пайдаланып, тоолордун кереметтүү көрүнүштөрүнөн ырахат алышат.

  • «Discovery»

Экологиялык райондо жайгашуусу жана терезенин сыртындагы кооз тоо пейзажы менен бирге сиз эң ыңгайлуу жашоо шарттарына ээ боло аласыз. Жеке короо-жайы жана көп деңгээлдүү коопсуздук системасы бул турак жай комплексин жеке мейкиндикти баалагандар үчүн идеалдуу жайга айлантат.

— "Elite House" турак жай комплексинен батир сатып алуу менен сиз жаңы деңгээлдеги ыңгайлуулукту жана сапат кепилдигин тандайсыз, - деп белгиледи компаниянын башкы директору Улугбек Файзиев.

- Биз үлүшчүлөрдүн алдындагы бардык милдеттерибизди жоопкерчилик менен аткарабыз жана сизди биздин кардарлардын катарынан көргүбүз келет. "Elite House" компаниясынын адистери сизге керектүүсүн тандоого жардам берет.

Кыймылсыз мүлк сатып алуу маселелери боюнча 0555 50 50 50 номерине чалыңыздар же консультация алуу үчүн: Бишкек шаары, Абдрахманов көч., 170/1, "Ордо" бизнес борбору, 7-кабат дареги боюнча компаниянын кеңсесине келиңиздер.

"Elite House" – 10 жылдык туруктуулук!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: