Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдө дагы бир мамлекеттик дарыкананы ачты



Бүгүн, 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Жалпы медициналык практика борборунда «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Ачылыш аземге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Министр өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты калктын жеткиликтүү дары-дармектерге байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда 6 мамлекеттик “Эл аман” дарыканасы иштөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.