super.kg logo

Биринчи жолу Кыргызстанда: MBANK ID бирдиктүү идентификациясы

 

Кыргызстанда биринчи жолу ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK жаңы кызматты сунуштайт – бирдиктүү идентификациялоо MBANK ID.

Жаңы кызмат MBANK өнөктөштөрүнүн сайттарында жана мобилдик тиркемелерде тез жана ыңгайлуу катталууга жана авторизациялоого мүмкүндүк берет. Эми кардарларга көптөгөн сырсөздөрдү эстеп калуунун жана каттоодон өтүү үчүн документтерди алып жүрүүнүн кереги жок; бирдиктүү идентификациялоо үчүн MBANK тиркемеси аркылуу өнөктөш тиркемелерге жана сайттарга катталып кирүү мүмкүн.

«Бирдиктүү идентификациялоо MBANK ID – бул MBANK тиркемесинде колдонуучу тажрыйбасын жана коопсуздугун жакшыртуудагы жаңы кадам. Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн сайттарга жана тиркемелерге кирүү азыр андан да оңой жана ылдамыраак болуп калды», - дейт Марат Торалиев, MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору.

MBANK ID'нин артыкчылыктары

Ыңгайлуулугу: Өнөктөштөрдүн ар кандай сайттарына жана мобилдик тиркемелерине кирүү үчүн MBANK ID колдонуңуз

Маалыматтарды коргоо: Сиздин маалыматтар коопсуз. Маалыматтарга кирүү колдонуучунун макулдугу менен гана

Ачык-айкындуулук: Сиз башка колдонмолорго жана сайттарга кандай маалыматтарды өткөрүп жатканыңызды көрөсүз

Кирүүнү башкаруу: Жетүүнү жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: