super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Мээрим Жуманазарова баштаган үч балбан кыз Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күрөшөт

 

Бүгүн, 20-апрелде Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстандын үч балбаны күч сынашат.

Бишкекте өтүп жаткан Азиялык олимпиадалык квалификациялык мелдештин экинчи күнүндө 53 килограммга чейинки салмак ченинде Айжан Сабырбек кызы биринчи айлампаны коё берип, жарым финалга чыгуу үчүн күрөштө өзбекстандык спортчу менен кез келет.

57 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы жарым финалга чыгуу үчүн индиялык балбан менен беттешет.

Ал эми Мээрим Жуманазарова чыга турган 68 килограммга чейинки салмак ченинде спортчулар эки кичи топко бөлүнүп, айлампа форматында күч сынашат. Алгачкы беттеште кыргыз балбан кызы казакстандык Елена Шалыгина менен кез келет. Экинчи айлампада индиялык, үчүнчү айлапмада Түндүк Кореянын өкүлү менен беттешет.

Ошентип Парижге жолдомо үчүн ат салышкан турнирдин жарым финалчылары аныкталат.

Кечээ, 19-апрелде башталган турнирде кыргыз балбандары Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев олимпиадага жолдомо утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: