Өлкөдө эл аралык баңги каналына бөгөт коюлду






Өлкөдө баңгизатын коңшу мамлекеттерге жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган баңги сатуучу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Ж.Н аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, салмагы 366,48 грамм болгон ооган тектүү "чарс" баңги каражаты табылды.
"Аталган жарандын үйү ташылып бара жаткан баңгизаттар үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 килограмм гашиш өтүп турган. 17-апрель күнү тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:42
2025-07-22

12:36
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.