super.kg logo

Садыр Жапаров оңдоодон өткөн Гареев атындагы Ботаникалык бакка барды 

 

Бүгүн, 20-апрелде мамлекет башчы Садыр Жапаров реконструкциялоодон өткөн Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы өз сөзүндө шаардыктар, айрыкча улуу муун, жаңыланып жана жакшы жагына өзгөрүп бара жаткан Бишкектеги өзгөрүүлөрдү кубануу менен кабыл алып жатышканын белгиледи. Бул көбүнесе алар "жашыл шаар" деп аталган калаада жаштыгын өткөрүшкөнүнө байланыштуу.

Муну менен бирге президент акыркы 15 жылда борбор калаа жашыл шаар макамын жоготконун кошумчалады. Парктар тонолуп, алардын жер тилкелери сатылып, жеке колдорго өтүп кеткен.

Мамлекет башчысы ошондой эле борборубузду ошол жайкалган жап-жашыл көрүнүшүнө алып келүү ниетин айтып, бул аракеттерди жалпы мекендештерибиз, айрыкча борбор калаа тургундары ар тараптан колдойт деген ишенимин билдирди.

Президент Ботаникалык бактын кейиштүү абалын көргөндөн кийин аны оңдоп-түзөө иштерин аткаруу боюнча чечимин кабыл алган.

"Себеби Улуттук илимдер академиясына тийиштүү Ботаникалык бак – бул Кыргызстандын жаратылыш флорасындагы өсүмдүктөр ресурсун туруктуу пайдалануу максатында селекциялоо, сактоо жана байытуу жаатындагы алдыңкы илимий мекеме, биологиялык түрлөрдү изилдөө жана сактоо боюнча башкы борборлордун бири. Башкача айтканда, улуттук байлыгыбыз", - деди Жапаров.

Бул бакты оңдоодон өткөрүү үчүн Президенттик администрация, "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы жана Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын жетекчилери 33 миллион сомдук үч тараптуу келишимге кол коюшкан.

"Анын алкагында коллекциялык декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатылып алынган. Отоо чөптөр жана бадалдар тазаланып, сугат суусун топтоо үчүн скважина казылып, тамчылатып сугаруу үчүн атайын мунара орнотулду. Мындан тышкары, аллеялар жана жолдор оңдолуп, күн батареялары аркылуу жарыктандыруучу жабдуулар коюлду. Лабораториялык имарат салынып, күнөскана оңдолуп-түзөлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров ошондой эле реконструкциялоо жана калыбына келтирүү иштери жолдун аркы тарабында жайгашкан бакчанын 16 гектарында жана Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакчада жүргүзүлөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: