Бешик боолору бекем болсун! Бишкекте үч эм төрөлдү
Бишкек шаарында үч эм төрөлдү. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Белгилүү болгондой, наристелер 19-апрелде Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен төрөлгөн.
"Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн.
Наристелердин салмагы 1930 грамм, 2660 грамм, 2660 грамм", - дешти министрликтен.
Алгачкы суткада наристелер жандандыруу бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.