super.kg logo
  Саясат  

Эрулан Кокулов дарыгерлерге: "Силер иштеш үчүн чөнтөгүңөргө акча салып туруш керекпи? Адамгерчилигиңер кайда калды?"

 

Бүгүн, 22-апрелде депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн жана дарыгерлердин ишин сынга алды.

Менин кайрылуум министр Алымкадыр Бейшеналиевге эмес, жалпы дарыгерлерге, реаниматологдорго эмне болду, эмнеге адамгерчиликтүү болбой калдыңар? Адамгерчилигиңер кайда калды? Бизде жеке жана туугандардын медицинасы калды. Гиппократтын антын унутуп калдыңыздарбы? Мен түшүнүп атам айлык-маянаңар аз. Азыркыдай медицинанын бизге кереги жок, кеткилечи", - деди ал.

Мындан тышкары ал Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында бир жаштагы наристе кулагы ооруп, чарчап калгандыгы тууралуу сөз кылды.

"Бул наристенин кулагы ооруп, Гүлчөнүн ооруканасында жаткан. Анда дарыгерлер кызамык менен ооруган наристени чогуу бир жерге жаткырып коюшкан. Андар ары айтпай эле коёюн. Андар ары ботко. Температурасы менен ооруканадан чыгарып салышкан. Мен муну эмне үчүн билем, билесиңерби? Анткени мен ошол жерде жандандыруу бөлүмүндө жаткам. Ал жердеги реаниматологдордун мамилесин беш колдой билем. Адамдын жашоосу силерге бизнес болуп калды. Дагы канча бала өлүш керек? Мындан ары дарыгерлердин катасы менен өлгөн балдардын сүрөтүн илели анда? Жанталашып жаап-жашырып бул баланын ата-энесине барып жатыптырсыңар. Дарыгерлер акча бермейинче кыймылдагыңар келбей калды. А балдар өлүп жатат", - деп кошумчалады Кокулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: