super.kg logo

Чүйдө таксистке кол салган шектүүлөрдүн бирин айдоочу өлтүрүп алган. Экинчи шектүү кармалды

 

Чүйдө такси кызматын аткарган жаранга карата кол салуу болуп, айдоочу алардын бирин өлтүрүп алган. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-апрель күнү саат 02:20 чамасында 1991-жылы туулган А.Б. аттуу жаран өзүнүн Киа К-7 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынан Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылына жүргүнчүлөрдү жеткирүү буйрутмасын кабыл алган. Жүргүнчүлөрдү айтылган дарекке алып барганда унаанын арткы орундугунда отурган 2004-жылы туулган М.Н. аттуу жаран бычак менен айдоочуну моюнга сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Ал эми айдоочу моюнуна сайылган бычакты сууруп алып, ага карата күч колдонуп жаткан шектүүлөрдүн экинчиси 2005-жылы туулган Д.А. аттуу жаранга 2 жолу бычак сайып жиберген. Ал ооруканага бара жатканда каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо каракчылык фактысы менен коштолгондо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2004-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: