super.kg logo

Министрлер кабинетинде массалык уулануу боюнча кеңешме өттү

 

Бүгүн, 22-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги ресторандардын бириндеги жапырт ууланууга байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жыйында мындай окуялардын алдын алуу жана жарандардын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Анда тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жана коомдук мекемелерде санитардык эрежелерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Саламаттыкты сактоо министрлигине жеке менчик коомдук тамактануу жайларында тамак-аш коопсуздугунун маселелери боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу, ошондой эле коомдук тамактануу тармагында санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Ал эми Экономика жана коммерция министрлигине жеке коомдук тамактануу ишканалары тарабынан электрондук эсеп-фактураларды колдонуу менен сертификатталган гана тамак-аш азыктарын милдеттүү түрдө сатып алуу маселеси боюнча, ошондой эле жеке коомдук тамактануу жайларында тамак-аш даярдоочу жайларда байкоочу камералардын милдеттүү түрдө болушу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Бишкекте "Улуу тоо" ресторанында жапырт уулануудан 39 адамдын жабыркаганы, аталган ресторанга айып пул салынганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: