Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды
Жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде аталган союздан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төрагалык орунга төрт талапкер, Каныбек Иманалиев, Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров жана Жедигер Саалаев көрсөтүлгөн.
Шайлоо эки тур менен өтүп, кийинки турга Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Култегин чыккан. Кайрадан добуш берүүнүн жыйынтыгында 70 добуш менен мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды.
Белгилей кетсек, Жазуучулар союзун буга чейин акын Нурлан Калыбеков жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.