super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Улуу Британиянын тышкы иштер министрин кабыл алды (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмеронду кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар билим берүү жана сезондук эмгек миграциясы маселелери боюнча эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темаларды талкуулашты.

Өз кезегинде Кэмерон Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ар кандай тармактарда кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чоң потенциалды айтып өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: