super.kg logo

Ксения Собчак Бишимбаевдин сотуна эмнеге келгенин айтты

 

Орусиялык журналист Ксения Собчак жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган Куандык Бишимбаевдин иши боюнча Астанадагы соттук отурумга келгени боюнча комментарий берди.

Журналист аны эки тарап тең чакырбаганын баса белгиледи. Собчактын айтымында, анын командасы бул процесс тууралуу чоң окуяны тартып жатат.

"Бүгүн казак жана орус маалымат каражаттары Казакстандын экс-министри Бишимбаевдин сотунда менин позициям тууралуу жаза башташты. Андагы жазууларда биз сотто айыпталуучу тарапта отурганыбыз айтылды.

Достор, биз бул теманын үстүндө көптөн бери иштеп келебиз, биринчи күндөн тартып эле Салтанаттын өлүмү тууралуу жазып келебиз. Биз бул тууралуу чоң окуяны тартып, көз карандысыз журналисттер катары процессти чагылдырып жатабыз, биз эч ким менен байланышта эмеспиз", - деп жазды Собчак.

Ошондой эле ал кечээ, 22-апрелде Астанада өткөн сот отуруму укмуштуудай болгонун белгиледи.

Эске салсак, 22-апрелде орусиялык журналист жана теле алып баруучу Ксения Собчак жубайы Салтанат Нукенованы өтө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган Бишимбаевдин иши каралып жаткан соттун экинчи жарымында сот залына келген. Собчак сот залынын экинчи катарында, түз эле жабырлануучу тараптын артында отурган. Айта кетсек, дал ушул күнү журналисттерге сот залына кирүүгө уруксат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: