Министр Бообек Ажикеев Сузактын сел жүргөн аймактарына барды




Бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп чыкты.
ӨКМдин маалыматына ылайык, анда министр ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду.
Белгилей кетсек, 21-22-23-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кокту-колотордон чогулган сел суулары Комсомол айылынын Насосный тилкесиндеги турак жайларды каптап өткөн.
Учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо жана ички жолдорду калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.