“Бейиш эненин таманында” тасмасы да көрсөтүлөт. Бүгүн Азербайжанда кыргыз киносунун күндөрү башталат

Белгиленгендей, тасмалар кыргыз тилинде көрсөтүлүп, азербайжан тилинде субтитр менен коштолмокчу.
Баку шаарынын тургундары үчүн Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан жаңы тартылган, прокатка чыга элек режиссёр Тынчтык Абылкасымовдун “ERROR#404” тасмасы, режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы 23-24-25-апрель күндөрү акысыз көрсөтүлөт.
Иш-чаранын программасы:
23-апрель
19:00 – “Низами” кинотеатрынын чоң кинозалында Кыргыз киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы жана “Бейиш эненин таманында” тасмасы көрсөтүлөт.
24- апрель
17:00 – "Низами" кинотеатрынын кичи залы “ERROR#404” тасмасы.
25-апрель
19:00 – "Низами" кинотеатрынын кичи залында “Бейиш эненин таманында” тасмасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.