Бишкектеги төрт айлык ымыркайдын өлүмү: Тергөөнү УКМК жүргүзүп жатат

Маалымат ылайык, 8-апрелде С.Н. атуу жаран өзүнүн багып алган төрт айлык кызына аты-жөнүн аныктоочу документин алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган. Башкармалыктын кызматкерлери ымыркайдын аты-жөнүн аныктоочу документи жок болгондугуна байланыштуу "102" кайгуул кызматына кабар беришкен.
"Октябрь РИИБинин кызматкерлери социалдык кызматкерлер менен бирге баланын бакубат абалына, жаш курагына, жаңы төрөлгөн баланы өзгөчө кароо зарылдыгы сыяктуу ачык факторлорго карабастан, ошондой эле бала төрт айдан бери белгилүү бир адамдын камкордугунда болгондугун эске алышпастан, С.Ндан эркине каршы ымыркайды тартып алышып, жогоруда көрсөтүлгөн реабилитациялоо борборуна тапшырышкан.
Анын натыйжасында 12-апрелде реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлери өздөрүнүн иш милдеттерине шалаакылык мамиле жасагандыгынын кесепетинен ымыркай көз жумган", - деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Октябрь РИИБинин, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана колдоо борборунун жооптуу кызмат адамдарынын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (щалаакылык) менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.