super.kg logo

"Жол кирени көтөрүү керек". Бишкек мэриясы жаңы автобустар канча жылда өзүн актаарын айтты

 

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Элдар Абакиров Бишкек шаарына алынып келинген жаңы автобустар канча убакытта өзүн актай турганына кызыкты.

"Бир автобус өзүн канча убакытта актайт?. Бишкектин жүрүү темпи менен актайбы же актабайбы? Ага техникалык абалы жооп береби же жокпу?" - деген суроо салды депутат.

Ал эми калаанын вице-мэри Мирлан Байгончоков учурда коомдук транспортто банктык которуу жолу менен жүрүү тарифи 17 сом, накталай 20 сом деп жооп берип, эгерде ушул баа сакталса анда актабай турганын айтты.

"Эгерде тарифтер азыркы баада кала берсе, анда автобустар өзүн актай албайт. Акташы үчүн биз тарифтерди көбөйтүшүбүз керек. Эгерде тарифтер 25 сомго көтөрүлүп, инфляция бирдиктүү болсо, тетиктерге баалар көтөрүлбөсө, анда 8-10 жылда өзүн акташы мүмкүн", - деди чиновник.

Эскерте кетсек, ушул тапта парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен борбор калаага газ ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча гранттык макулдашуу боюнча талкуу жүрүп жатат.

Ал эми борбор калаада ушул жылдын январь айынан баштап коомдук транспортто жүрүүнүн тарифи өзгөргөн болчу. Мурда 11-15 сом төлөнгөн болсо, жаңы жылдан баштап ал баа 17-20 сомго көтөрүлгөн.






Жогорку Кеңеш 23.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: