Бишкекте 15 жылдан бери биринчи жолу дартс боюнча чемпионат өттү
Борбор калаада 15 жылдан бери биринчи жолу дартс боюнча чемпионат өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында 10-14-апрелге чейин "Газпром-балдарга"спорттук ден соолукту чыңдоо комплексинде дартс боюнча аялдар жана эркектер арасында чемпионат болуп өттү.
Мелдешке жалпысынан 100гө жакын спортчу катышты.
Мындан тышкары, 15-19-апрель күндөрү борбор калаада балдар жана кыздар арасында дартс боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтүп, ага 80 адам катышты.
Чемпиондор жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти Дартс федерациясы менен биргеликте уюштурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.