super.kg logo
  Саясат  

 Шакиевдин Монголиядагы расмий сапары башталды

 

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Монголиядагы расмий сапары башталды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, аны Улан-Батор шаарындагы "Чыңгыз хан" аба майданынан Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Лхагва Мунхбаатар тосуп алды.

Андан соң расмий делегация мамлекеттик сарайга бет алды. Ал жерде Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Чыңгыз Ажибаев, Эрулан Кокулов, Айсаракан Абдибаева, Нурбек Алимбеков, Мейкинбек Абдалиев, Чыңгыз Айдарбеков, Алишер Козуев коштоп жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: