super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров ИМБДУнун башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, “Интеллектуалдык менчик жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” аттуу Улуттук форумдун алкагында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечектүү маселелерин талкуулашты.

Жапаров Интеллектуалдык менчиктин, инновациялардын жана креативдүүлүктүн тең салмактуу жана эффективдүү экосистемасынын калыптанышы Кыргызстандын стратегиялык өнүгүүсүнүн шартында негизги мааниге ээ болуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Марко Алеман өлкөдө интеллектуалдык менчик тармагында олуттуу жылыштар болгондугун, мунун далили катары мыйзамдык базанын өркүндөтүлүшү, анын ичинде 5 мыйзамдын кабыл алынышы да далил болоорун баса белгилеп, бул багыттагы иштер мындан ары дагы өнүгүп, чыңдалат деген ишенимин билдирди.

Соңунда тараптар форумдун жыйынтыктары мындан аркы экономикалык өсүшкө, бизнес-чөйрөнү жакшыртууга жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого, ошондой эле Кыргызстанда инновациялык активдүүлүктү жогорулатууга жакшы түрткү болоруна ишеним билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: