super.kg logo

Салтанат Нукенованын өлүмү: Сот Бишимбаевдин телефонундагы видеого таң калды

 

Коңшу Казакстанда резонанс жараткан экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда.

Бүгүнкү отурумда сот жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган соттолуучу Куандык Бишимбаевдин телефонун ачып, галереядагы файлдар менен таанышты.

Галереядан судья Салтанат Нукенова каза болгон 9-ноябрдагы бир нече видеолорду тапкан. Судья видеонун үнүн күйгүздү. Анда Бишимбаев мас абалында маркумду кагып, аны суракка алып жатканы угулат.

"Райымбек Баталов менен жаттың беле? Анын сүйгөнү белең? Аны менен жыныстык катнашта болдуң беле?" - деп сураган Бишимбаев Салтанат Нукеновадан.

Бул кадрлар судьяны жана соттук отурумга катышуучуларды таң калтырды. Аудиону уктуруу учурунда Салтанат Нукенованын бир тууган агасы ыйлады.

Видеодогу сурак 9-ноябрда таңкы саат 6.46да башталып, 8.24тө аяктайт. Тергөөнүн маалыматы боюнча, андан кийин ал ресторандын VIP бөлмөсүндө аны сабап өлтүргөн. Ал өтө мыкаачылык менен киши өлтүргөн деп айыпталууда.






Сот Бишимбаевдин телефонундагы видеого таң калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: