super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 485 ВИЧ илдетине чалдыккан бала катталды

 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынында вице-премьер-министр Камила Талиева “Кыргызстанда 485 ВИЧ илдетине чалдыккан бала катталды” деп билдирди. 
Анын айтымында, өлкө боюнча көрсөткүчтөрдүн көптүгү өкүнүчтүү деңгээлде турат. 
Оорунун алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү керек. Каражаттарды да эффективдүү пайдалануу менен көрсөткүчтөрдү жакшы жакка бура алабыз”,- деди Талиева. 
Ал саламаттыкты сактоо министри Ош облусу боюнча СПИДге каршы күрөшүү борборунун жумушун канааттандырарлык эмес деп тапты. Өлкө боюнча 14 баланын кантип ВИЧти жугузганы белгисиз экени айтылды. Алардын 12си Ош облусунда. 
Аталган облустагы борбордун өкүлдөрү балдар ВИЧти энелеринен жугузганын жана алар Орусиядан төрөлгөндүгүн айтышты. Ошондой эле энелерин текшерүү үчүн тиешелүү каттар жөнөтүлгөнүн билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: