super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ӨКМдин Жогорку Кеңеште маалымат беришин талап кылды

 

Бүгүн, 24-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйында депутат Улукбек Ормонов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн парламентте табият кырсыктарына байланыштуу маалымат беришин талап кылды.

"Бүгүнкү күндө өлкөнүн түштүк аймагында, Ош облусуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Эртеңки сессияда маалымат угушубуз керек. Абал оор бойдон калууда. Өлкөдө ушундай оор абал болуп турганда өзгөчө кырдаалдар министри, анын орун басарлары сыртта жүргөнү эмнени билдирет? Бул деген жоопкерчилик жок дегенди билдирет. Эрткеңки жыйында толук маалымат угалы", - деди эл өкүлү.

Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев ӨКМ башчысы менен кечинде байланышканын билдирип, төрт орун басары сыртта иш сапарда жүргөнүн белгиледи.

"Күтүлбөгөн жерден кырсык болуп кетти. Алар келишсе эртең чакырып, маалымат укканга аракет кылабыз", - деди ал.

Мындан тышкары аталган маселени депутаттар Камила Талиева, Русланбек Жакышов да парламентте көтөрдү.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. ӨКМ Талас районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин кечээ, 23-апрелде маалымдаган.

23-апрелде Чүй облусунун айрым тоолуу аймактарында, Жалал-Абаддын Сузак, Аксы райондорунун айрым жерлеринде сел жүргөнү кабарланды.






24.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: