super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Баку шаарында Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

"Тараптар акыркы эки жылда Бишкекте жана Бакуда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер кызматташтыкка маанилүү түрткү гана бербестен, эки өлкөнүн өз ара мамилесин таптакыр жаңы, сапаттуу мазмун менен толтургандыгын канааттануу менен белгилешти.

Эки өлкөнүн президенттери союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара берилгендикти ырасташты", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: