Иранда белгилүү рэпер өлүм жазасына кесилди
Ирандын революциялык соту 2022-2023-жылдары Ирандагы баш аламандыкка байланыштуу айыпталган ирандык белгилүү рэпер Туумаж Салехини өлүм жазасына кесүү өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу музыканттын адвокаты Ирандын Sharq гезитине билдирген.
Салехи ырлары аркылуу 2022-жылы Иранда камакка алынып, андан кийин полиция бөлүмүндө каза болгон 22 жаштагы Махса Аминини колдоого алган. Салехи адегенде 2022-жылдын октябрында жалпы элдик нааразылык акцияларын колдогон билдирүү жасагандан кийин камакка алынган.
Ирандын сот системасы өкүмдү тастыктай элек. Бул чечим боюнча Салехинин даттанууга 20 күн убактысы бар.
"Биз бул өкүм боюнча сөзсүз даттанабыз", - деген анын жактоочусу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.