super.kg logo
  Саясат  

Кадамжайда "Милициянын күчү - элдин колдоосунда" деген темада семинар болуп өттү

 

Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияз гимназия-мектебинде "Милициянын күчү - элдин колдоосунда" деген темада облустук деңгээлдеги семинар болуп өттү. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Исаков билдирди. 

Анын айтымында, иш-чарага облустук милиция башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Көтөрмө айыл аймагынын башчысы, мектеп директорлору, айыл аксакалдары, мечиттин имамдары, окуучулар катышышкан.

Семинарда  бүгүнкү күндө жаштар арасында, айрыкча окуучулардын өзүн-өзү өлтүрүү, рэкетчилик жана башка коомго жат көрүнүштөр, алардын алдын алуу тууралуу маселелер талкууга алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: